Султан Ибраимовго "Кыргыз Эл Баатыры" наамын берүүнү тийиштүү комитет колдоого алды

Бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин 16-декабрдагы көчмө жыйынында Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы, маркум Султан Ибраимовго "Кыргыз Эл баатыры" наамын берүү боюнча Жогорку Кеңештин токтом долбоору каралып, жактырылды.

Мындай демилгени депутат Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин 11-декабрдагы жыйынында алып чыккан. 

Айта кетсек, Министрлер кеңешинин төрагасы Султан Ибраимов убагында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин айыл чарбасы боюнча катчылык кызматында, кийин Ош облустук партиялык комитетин 10 жыл жетектеп, Жогорку Кеңештин президиум төрагасы сыяктуу жооптуу мамлекеттик иштерде эмгектенген. 1980-жылы 53 жашында Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик дачада эс алуу маалында киши колдуу болуп каза тапкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан