Жарандар уюлдук оператор алмаштырганда телефон номурларын өзгөрүүсүз калтыра турган мыйзам колдоого алынууда

Кыргызстанда жарандар уюлдук оператор алмаштырганда телефон номурларын өзгөрүүсүз калтыра турган мыйзам сунушталууда. Мыйзам долбоору бүгүн, 16-декабрда парламенттин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында каралып, 2-окууда жактырылды. Демилгенин автору – депутат Өмүрбек Текебаев долбоор тууралуу буга чейин буларды айткан эле: 

“Азыр уюлдук операторлор улам жаңы кызматтарды сунуштап жатышат. Биринен сыналгы көрүүгө болот, экинчисинде интернеттин ылдамдыгы абдан жогору. Бара-бара биздин оюбузга келбеген кызматтар сунушталып калышы мүмкүн. Бирок абоненттер бир оператордон экинчи уюлдук операторго өтсө, колдонуп жүргөн телефон номурун алмаштырууга мажбур болушууда. Көпчүлүк эски номурун өзгөрткүсү келишпейт, айрыкча кичи жана орто бизнеси барлар. Анткени эски тааныштарын, кардарларын жоготуп алууну каалабайт. Бул мыйзам бир оператордон экинчисине номурду өзгөртпөстөн өтүүгө мүмкүндүк берет. Мунун арты менен операторлор ортосундагы атаандаштык күчөйт”.

Маалыматка таянсак, мындай тажрыйба дүйнөнүн 65 өлкөсүндө бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан