Кыргызстанда 2014-жылдын 5 айында сандардын өзгөчө айкашынан (мисалы, 0001, 0005) түзүлгөн автоунаа номурларын сатуудан 22 миллион 568 миң сом киреше түштү. Муну бүгүн, 16-декабрда Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Маалыматка таянсак, ачык аукцион аркылуу 589 өзгөчө номур сатылып, суммасы 8 миллион 12 миң сомду түздү. Аукциондон тышкары 3754 номур (суммасы 11 миллион 262 миң сом), 10 пайыздык арзандатуу менен 902 номур, адамдын аты жазылуу 4 номур, 307 ассоциативдик номур сатылганы айтылды.
Адамдын аты жазылуу мамлекеттик номурлар 100 миң сомдон сатылганы айтылды.