Парламент комитети "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү колдоду

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 16-декабрдагы жыйынында "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" мыйзам долбоору кабыл алынды. Демилге калкты таза суу менен камсыз кылуучу атайын ишканаларды салыктык эмес төлөмдөрдөн бошотууга багытталган.

Мындан тышкары комитет мүчөлөрү "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүү жана толуктоолорду жактырды.

Ага ылайык, мыйзам долбоорлорун демилгелөөдө техникалык-экономикалык негиздеме берүү зарылдыгы жокко чыгарылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан