Азыркыдай социалдык-экономикалык оор кырдаалда мамлекеттик секторду толугу менен оптимизациялоо зарыл. Мындай пикирди депутат Данияр Тербишалиев 16-декабрда журналисттер менен жолугушууда билдирди. Депутат сөздөн ишке өтүү керектигин айтат. "Оптимизациялоонун алкагында бир катар мамлекеттик органдарды жоюп, анын базасында министрликтерди ирилештирүү же бөлүм, департаменттерди түзсөк болот. Мунун жыйынтыгы менен мамлекеттик мекемелер эффективдүү иштей башташмак",- деди депутат.
Тербишалиев Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин жетектөө сунушунан баш тартышын өкмөттүн натыйжасыз иштеп жатканы менен байланыштырды.