Дастан Бекешев, гендердик саясат боюнча: "Жогорку Кеңеште бир да мыйзам жаза албаган айым депутаттар бар"

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламентте айым депутаттардын квотасын көбөйтүү демилгесин колдобойт. Муну депутат бүгүн, 16-декабрда маалымат булактарынын бириндеги түз эфирде билдирип, мыкты аялдарды коомчулук өзү көтөрүп аларын айтты. "Кесиптештеримди жамандабайм, бирок парламентте бир да мыйзам жаза албаган, талкууларга таптакыр аралашпаган айым депутаттар бар. Кеп парламентке аялдардын же эркектердин көбүрөөк келишинде эмес, Жогорку Кеңешке билимдүү, мекенге күйгөн адамдын келишинде болуп жатат. Аялдар үчүн парламенттен көбүрөөк орун берилгени менен, коомчулук айымдарга караганда эркектерди көбүрөөк шайлашат. Анткени биздин менталитетибиз Европадагыдай эмес",- деди депутат.

Бекешев айымдардын парламентке көбүрөөк келиши үчүн Кыргызстанда аялдар партиясы түзүлүп, шайлоого катышуусу керектигин кошумчалады.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан