"Мыйзамга "же" деп жазып койгонубуз үчүн соттор жеп жатышат" дешти депутаттар

Жогорку Кеңештин 17-декабрдагы жыйынында депутат Эсенгул Исаков мыйзамдардан "же" деген сөздү алып салууну сунуштоодо. Мисалы: кылмыш кылган адамга айып пул салынат же 3 жылга чейин эркинен ажыратылат. "Мыйзамдагы "же" деген сөздү алып, так эле жазышыбыз керек. Камалсын, камалбаса айып пул төлөсүн. Бизде эки варианты тең кирип калган. Эч ким камалгысы келбейт, ошондуктан сотторго пара берүү менен жарандар айып пул төлөтүү чечимин чыгартууга аракет кылышууда. Соттор да тамашага салып айтып калышат, "силер мыйзамга "же" деп жазып койсоңор жейбиз да" дешип. Муну тактап чыгышыбыз керек",- дейт депутат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан