Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Коомдук алдын алуу борборлорунун катышуусунун укуктук негиздерин өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн иштелип чыккан мыйзам долбоору 3-окууда каралып жатат. Долбоорго депутат Исмаил Исаков каршы. Анын айтымында, Коомдук алдын алуу борборлорун түзүүгө кенен укук берсек, “дежур” уюмдардын саны көбөйүп кетиши мүмкүн.
“Андан сырткары жергиликтүү бюджеттен каржыланат экен. Мамлекет пенсионерлердин пенсиясын жакшы төлөй албай жатканда бул борборлорго кантип айлык төлөп бермек эле? Мен мыйзам долбоорун колдобоого чакырам”,- деди Исаков.
Мыйзам долбоорунда коомдук борборлорго акы төлөө ыктыярдуу түрдө берилери айтылат. Ал эми түзөтүүлөр жергиликтүү деңгээлдеги укук бузуулардын алдын алуу программасын ишке ашырууга, укук бузуулардын алдын алууда КААБдын каржылык жактан көз карандысыз субъект болуусуна мүмкүнчүлүк берет.