Депутаттар куудул Күмөндөр Абыловдун сөзүн эске салышты

Парламенттин 17-декабрдагы жыйынында Коомдук алдын алуу борборлорунун алкагында жергиликтүү деңгээлдеги укук бузуулардын алдын алуу программасын ишке ашыруу, аталган борбордун каржылык жактан көз карандысыз болушуна жол ачууга багытталган мыйзам долбоору каралууда. Мыйзам долбоорундагы "Коомдук борборлордо акы төлөө ыктыярдуу түрдө жүрөт жана борборлор республикалык бюджеттен каржыланышы мүмкүн" деген нормага айрым депутаттар каршы чыгышты. Депутат Эсенгул Исаков буларды айтты: 
"Биз республикалык бюджеттен каржыланышы мүмкүн деп жатабыз, кааласа каржыланат, каалабаса каржыланбайт. Күмөндөр Абылов "гидромет "эртең жамгыр жаайт же жаабайт" деп билдирди" деп күлдүргөндөй болууда. Мыйзамга так жазышыбыз керек". 
Депутат Исмаил Исаков эгер Коомдук алдын алуу борборлору республикалык бюджеттен каржыланса, анда ал "коомдук" деген статуска ылайык келбей каларын айтып, депутаттарды мыйзамды колдобоого чакырды.  
Маалыматка таянсак, учурда Кыргызстанда 573 Коомдук алдын алуу борбору 11527 жергиликтүү жамаат өкүлдөрүн бириктирип турат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан