Атай Өмүрзаков: "Германияда өткөн “Das Supertalent-2014” телесынагында жеңиш биз тарапка жылмайган жок"

Кечээ, 20-декабрда белгилүү бийчи Атай Өмүрзаков өзүнүн окуучуларынан турган “Тумар КР” бий тобу менен бирге Германияда өткөн “Das Supertalent-2014” телесынагынын финалына катышты. Финал Кёльн шаарында өттү. Атай Өмүрзаков бул сынакта атаандаштар татыктуу жана күчтүү болгонун, жеңиш аларга жылмайбаганын интернеттеги баракчасына жазды.

Анда “Биз жеңилип калдык. Бизге жан тартып, колдоо көрсөткөндөрдөн кечирим сурайбыз. Мындан биз кийинки долбоорлорго күч жана тажрыйба алдык. Биз муну менен токтоп калбайбыз, жаңы ийгиликтерге, жаңы бийиктиктерге жетүүнү максат кылабыз” деп жазылат.

Кошумчалай кетсек, кыргызстандык бийчилер сентябрь айынын соңунда сынактын тандоо турунда финалдык жолдомого ээ болушкан. Долбоордун 8 жылдык тарыхында биринчи жолу тандоо турунан финалга жолдомо алган бийчилер калыстарды таң калтырган. Анда калыстар тобунун бардык мүчөлөрү сары баскычты басып, катышуучуларды түз эле финалга жөнөтүшкөн. 

Атай жана "Тумар КР" тобу Германияда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
Aziyat
2014-12-21 16:06:52
Азаматсынар сонун эле аткарышкан экен,бирок алардан да кучтуулор бар окшойт.
0
erikkarakulja
2014-12-21 16:28:18
Ушусуна да рахмат. Сен менее сыймыктанабыз.
+1
lolalola
2014-12-21 16:39:36
4 orundu alyshty, uch yrchy aldynky uch mestany alyshty, birinchi mestany goluboi yrchy aldy...
Marcel Kaupp 24,41
Andreas Hruska 19,45
Die Filieri-Brüder 10,97

Tumar KR 10,86
Duo You and Me 9,33
Light Balance 5,86

Show-Projekt 4,52
Emin Abdullaev 3,74
Patrick Müller-Klug 3,34

Laurent Kremer 2,93
Stay KingPin 2,69
Christian Farla 1,90
0
REKETIR
2014-12-21 17:21:00
Кечээ окуп, бугун интернеттен кечке Атайдын вступленияларын кордум эле.
Видеосу болсо жуктоп койгулачы.
0
nooken.kg
2014-12-21 17:29:16
Сонун бийлешиптир. Азаматсынар!
0
nooken.kg
2014-12-21 17:30:13
Виналдагы бийи эмес окшойт бирок.
0
mekusha
2014-12-21 19:01:55
4 орун да жакшы орун биз болгон кучубуз менен добуш Бердик. Баардык жердештер добуштарын коолдосун аяган жок. Европага дагы бир кончита вурст кошулду. Бул сыноо таланттарга эмес ырчыларга окшойт айтоор тан калдырды германиялыктар. Биздин жигиттер татыктуу коргозо алышты биз сыймыктанабыз!!!
+4
Sadyrov_n93
2014-12-21 21:56:26
Азамат Атай,ар дайым ушундай калыбындан жазбай,алга гана умтула бер
0
kama_future_millioner
2014-12-21 22:29:28
Баары жакшы болот кейибегиле
0
Bekbol2015
2014-12-22 00:53:02
Атай кыргыздын сыймыгы
0
zaika.tvo9.1990
2014-12-22 01:52:18
Бирде жигит жоо журот, бирде жигит тоо минет дейт. Мунусунда болбосо, кийинкисинде созсуз женишке жетишесин. Эч кайгырып конул чоктурбо.
+3
jigit.85
2014-12-22 07:46:29
Саламатсызбы админ видеосун каерден корсок болот,[moderated]да жок экен издесем...
0
myrza80
2014-12-22 11:10:12
Жириновский айткандай европа жакында средний род болот деп,европа жалан эле гей сей ушуга окшогондорду колдоп калган окшойт,эмнеси болсо да Атай кыргызды дуйного таанытып жатат баракелде азаматсын.
0
baba.
2014-12-22 13:34:23
Биз сени менен сыймыктанабыз жана дайыма колдойбуз сени АТАЙ.Ийгилик али алдыда.Капаланбагыла.
0
kg-zzzzz
2014-12-22 13:38:55
жакшы бийлепсинер азаматсынар но бираз скучныйраак болуп калыптыр менимче ошондуктан 4 орунга ээ болдунарго дейм. 4 орунду алсанар да биз учун чоон жетишкендик
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан