Бийчи Атай Өмүрзаков өзүнүн окуучуларынан турган “Тумар КР” бий тобу менен бирге Германиянын Франкфурт шаарында өткөн “Das Supertalent-2014” телесынагында финалга чыкты. Кыргызстандык бийчилердин талантына таң калган калыстар аларга тандоо турунан түз эле финалга жолдомо беришти. Бул тууралуу бийчи Атай Өмүрзаков интернеттеги баракчасында маалымдады.
“Калыстар биздин талантыбызды жогору баалашты. Биз бийлеп бүткөндө калыстардын бири көзүнө жаш алып, баш байгеге коюлган 100 миң еврону дароо эле бизге тапшырууну сунуш кылды. Калыстар тобунда легендарлуу “Modern Talking” тобунун ырчысы Дитер Болен сыяктуу атактуу адамдар отурушат. 4 калыс тең бизди финалга өткөрүү чечимин кабыл алышты. Биздин видео сайтка жүктөлгөндөн кийин башкы сааттарда эле кароолордун саны 100 миңге чукулдады. Германиялыктардын көбү биздин жеңишке ишенип жатышат. Учурда декабрь айында Германиянын Кёльн шаарында өтүүчү финалдык оюнга даярдана баштадык”,- дейт Атай.
Кошумчалай кетсек, бул телесынак Германиянын RTL каналы аркылуу көрсөтүлөт. Сынактын жеңүүчүсүн 100 миң евро өлчөмүндөгү байге күтөт.