Айбек Азыранкулов эмгек, миграция жана жаштар министри болуп шайланды

Жогорку Кеңеш 24-декабрда Айбек Азыранкуловду эмгек, миграция жана жаштар министри кылып шайлады. Анын талапкерлигине 92 депутат “макул” деп добуш берди.  Депутаттар жыйында Азыранкулов аталган министрлик кызматка татыктуу экенин айтышып, ага ийгилик каалашты. Спикер Асылбек Жээнбеков Жаштар министрлиги көп тажрыйбаны талап кыларына токтолду. “Айыл өкмөт башчысы, губернатор болуп иштеп турганыңызда жакшы иштерди жасадыңыз. Бул министрликте да көп иштерди жасайсыз деп ишенебиз”,- деп билдирди төрага.   

Айта кетсек, Айбек Азыранкулов мурда өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп эмгектенген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан