Президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов Кыргызстандын АКШдагы элчилик кызматына сунушталууда

Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы Кадыр Токтогуловдун талапкерлиги Кыргызстандын АКШдагы элчиси кызматына сунушталууда. Бул маселе жакында парламенттин тармактык комитетинде карала турганын Жогорку Кеңештеги жеке булактарыбыз кабарлашты. Кыргызстандын АКШдагы элчиси Муктар Жумалиевдин ыйгарым укуктары аяктаганы маалымдалды.
Кадыр Токтогулов: 

1980-жылдын 28-апрелинде Ош облусунун Ош шаарында туулган.

1998-жылы Ош шаарындагы Кыргыз-Түрк “Сема” лицейин бүтүргөн.

2003-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетинин журналистика факультетин аяктаган.

1998-1999-жылдары Анкара университетинин коммуникациялар факультетинде окуган (Анкара шаары, Түркия).

2001-2002-жылдары "Open Society Institute" программасы боюнча Итака колледжинде билим алган (Итака шаары, Нью-Йорк штаты, АКШ). 

Эмгек жолу:

2003-2006-жылдары – маалымат агенттиктеринин биринде кабарчы (Кыргызстанда).

2006-2011-жылдары – маалымат агенттиктеринин биринде кабарчы (Казакстанда).

02.2011-12.2011 – Кыргызстандын өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмүнүн башчысы.

12.2011-03.2012 – Кыргызстандын президентинин аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчиси – Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы.

03.2012 – азыркы учурда - КРнын Президентинин басма сөз катчысы.

Кыргыз, орус, англис жана түрк тилдерин билет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан