Бүгүн, 26-декабрда президенттик балаты майрамында өлкө башчы Алмазбек Атамбаев жаштарды көп тил билүүгө чакырды. "Бүгүнкү майрамда өзүмдүн бала кезимди эстедим. Менин окуучулук кезимде айылда свет, телефон жок болчу. Силер акылдуу, татынакай балдар экениңерди көрүп, абдан сыймыктанып жатам",- деп билдирди президент.
Бүгүнкү кечеде кыргыз тилинде тартууланган жомокту айрымдар түшүнбөй отургандыгын байкаган А.Атамбаев анын кыскача мазмунун айтып берди. Андан соң көп тил билүү келечекке керек экенин баса белгиледи. "Чет тилин үйрөнөм деп ата-энеңерден талап кылгыла, 2-3төн кем эмес тилди билишиңер керек",- деди өлкө башчы.
Мындан тышкары иш-чарага келген ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарга кайрылып: "АКШнын мурунку президенти Т.Рузвельт жаш кезинде баса албаган бала болчу. Андан тышкары ийгиликтерге жеткендердин арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген окумуштуулар бар",- деп кошумчалады өлкө башчы.