2015-жылы кыргыз тилин автоматтык которуу системине киргизүү үчүн жогорку окуу жайлардын студенттери, адистер жана ыктыярчылар тартылат. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда маалымат жыйынында “Биздин мурас” коомдук фондунун менеджери Мурат Жумашев билдирди.
“Быйыл "Гугл транслейт" системине Казакстан менен Өзбекстан да кошулду. Мындай ойлоп көрсөк, ал жакта Кыргызстанга караганда патриоттор көбүрөөк окшойт. Себеби биз кыргыз тилин бул системге кошуу боюнча демилге көтөрүп чыкканыбызда социалдык тармактар аркылуу көптөгөн колдоо тапканбыз, бирок иш жүзүндө андай чоң ийгилик жарата алган жокпуз. Буга чейин жарыяланган бир айлыктын алкагында болгону 59 адам катышып, анда 6 миңден гана ашуун сөз которулду. Учурда борбордогу жогорку окуу жайлардын биринин жанына кеңсе ачып, ал жакта компьютердик бөлмө ачууну пландап жатабыз. Ага бир катар жогорку окуу жайлардын студенттери, тилчи, котормочулар тартылмакчы. Буюрса, 2015-жылы англис тилинен кыргыз тилине 300 миңдей сүйлөм же 1 миллиондой сөз которууга коомчулук жапа тырмак киришсе, ийгилик жарата алабыз деп ойлойм”,- дейт Мурат Жумашев.
Анын айтымында, 1-январдан 28-февралга чейин бул системге кирүү багытында кызуу иш-чаралар жүргүзүлмөкчү. Бул системге кирүү үчүн өлкө аймагында кыргыз тилди өнүктүрүүгө тиешелүү иш-аракеттердин да жүрүүсү абзел.