28-январдагы жер титирөөдөн жабыркагандардын санын жана материалдык чыгымдарын тактоо үчүн өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Асанакунов 5-февралда жыйын өткөрдү. Жыйында облустук, райондук жана шаардык Жарандык коргонуу комиссияларынын башчыларына үстүбүздөгү жылдын 7-февралына чейин текшерүү жана изилдөө иштерин аяктоо тууралуу тапшырмалар берилди. Алдын ала айтылган маалыматтарга ылайык, Түп району боюнча 30 үй авариялык абалда, 23 үй капиталдык оңдоого, 19 үй оңдоп-түзөөгө муктаж жана 21 үй көзөмөлгө алынган.