Бишкекте дааратканалардын биринен жаңы төрөлгөн ымыркай табылды

Бишкектеги дааратканалардын биринен жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет. 6-февралда саат 01:00 чамасында ӨКМга шаардагы Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан дааратканадан ымыркайдын ыйлап жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге укук коргоо кызматкерлери жана куткаруучулар келип, энеси таштап кеткен ымыркайды алып чыгышкан. Алдын ала айтылган маалыматтарга ылайык, баланын төрөлгөнүнө 1 эле күн болгон. Жаңы төрөлгөн кыз борбордогу балдар ооруканасына жеткирилди. Медициналык кызматкерлердин айтымында, кыз суукта көпкө жаткан эмес, учурда абалы жакшы. Бул окуя боюнча учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Lion-x
2013-02-06 11:09:38
Кандай журогу жок эне туалетке таштап кетет, бироого берип койбойт беле. Ах чиркин, азыркы жаштар...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан