31-январдан 3-февралга чейин Казакстандын Астана шаарында сойкулук менен алектенген кыздар боюнча рейд жүргүзүлгөн. Рейд аталган өлкөнүн Ички иштер департаментинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлдү. Иш-чаранын жыйынтыгында 67 жаран кармалып, алардын ичинен 20 айым Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары экени белгилүү болгон. Бул тууралуу казакстандык маалымат булактары жарыялады. Кармалган жарандар аталган департаменттин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, аларды каттоого алуу иштери жүрүп жатканы айтылды.