Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы агенттиги республика боюнча өрттүн алдын алуу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Аталган министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, мындай иш-чараны уюштурууга 22-январда Жалал-Абад шаарындагы көмөк чордонунан чыккан өрттөн “Нооруз” базарындагы 7 контейнердин күйүп кетиши себеп болду. "Ушул окуядан улам жер-жерлерде тургундарга өрттүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгы чыкты",- деп билдирди министрлик.