Белгилүү болгондой, 29-январда Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун кызматтык мөөнөтү бүттү. Буга байланыштуу февраль айында аталган шаарга жаңы мэр шайлоо болуп өтмөкчү. Учурдагы мыйзамга ылайык, мэрлик орунга талапкерди президент сунуштайт. Бирок Жогорку Кеңеште “Ош шаарынын макамы жөнүндө” мыйзам долбоору учурда кызуу жана шашылыш түрдө талкууланып жатат. Бул мыйзам кабыл алынса, мэр болчу талапкерди Ош шаардык кеңешинин депутаттары сунуштамакчы. Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Өмүрбек Текебаев “эгер мэрликке талапкерди президент сунуштаса, ар кандай сөздөр айтылышы мүмкүн. Ошондуктан бул мыйзамды тезирээк кабыл алуу зарылчылыгы турат” дейт. Бул маселе боюнча айрым адамдардын пикирин билдик.
Ош шаарынын мэри болчу талапкерди президент сунушташы керекпи же Ош шаардык кеңешинин депутаттарыбы?
Марс Түлегенов, серепчи:
- Эгер мен мэр болгум келсе, өзүм БШКга барып эле талапкер катары каттоодон өтмөкмүн. Бирок учурдагы жагдайды карасак, Ош шаарынын мэри болчу талапкерди Ош шаардык кеңешинин депутаттары сунуштаганы туура. Анткени президентке караганда депутаттар Ош шаарындагы элге жакын, алардын көйгөйлөрүн, талабын, кимди мэр кылгысы келгенин жакшы билишет. Ошондуктан жаңы мэр шаардык кеңеш тарабынан көрсөтүлүшү керек.
Айнуру Алтыбаева, ЖКнын депутаты:
- Биз демилгелеп жаткан “Ош шаарынын макамы жөнүндө” мыйзам долбоорунда 3 вариант сунушталууда. Биринчиси – мэр болчу талапкерди премьер-министр сунуштайт, экинчиси – шаардык кеңештеги фракциялар, үчүнчүсү – түз шайлоо же мэрди эл шайлайт. Үч варианттын кайсынысы өтөт, бул Жогорку Кеңештин депутаттарынан көз каранды. Менимче, мэрликке талапкерди шаардык кеңештин депутаттары эле сунуштаганы туура. Биз, парламент, өкмөт башчыны кандай шайласак, ал жерде деле шаардык кеңештин депутаттары ушундай ыкмада мэр шайлашы керек.
Табылды Акеров, серепчи:
- Ош шаарынын мэрин шаардык кеңештин депутаттары көрсөтүш керек. Себеби 2010-жылдын 7-апрелинен бери демократиялуу, эркин мамлекет болобуз деп келе жатабыз го. Жергиликтүү бийликке көп мүмкүнчүлүк бериш керек. Эгерде мэрди президент көрсөтсө, партиялар улам-улам чатак чыгара беришет. Мэр иштей албай калса, президент сөзгө калып, рейтинги түшөт. Эгерде депутаттар көрсөткөн мэр иштей албай калса, анда депутаттар ал мэрди экинчи мөөнөткө шайлабай коюшу мүмкүн. Ал эми президентке ишенген мэр “баары бир шайлайт” деп иштебей жүрө бериши мүмкүн.
Дастан Бекешев, ЖКнын депутаты:
- Менин оюмча, шаардын мэри болчу талапкер өз программасын иштеп чыгып, элге сунушташы керек. Ал эми эл өзү каалаган талапкерин шайлап алуусу зарыл. Бул демократиялык принциптерге туура келет. Эгерде талапкерди президент көргөзсө, анда мэр андан көз каранды болуп калат, ал эми шаардык кеңештин депутаттары көргөзсө, анда эл алардын талапкерин жактырбай, аларды колдобой коюшу мүмкүн. Анткени фракцияларга укук берилсе, алар 1 эле талапкерди көрсөтүп коюшат, бул жерде элдин укугу эске алынбай калат.
Мавлян Аскарбеков, жаш саясатчы:
- Азыркы убакта өзүн-өзү башкаруу органдары тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизебиз деп мыйзамда баш аламандык келип чыкты. Менин оюмча, Ош шаарынын мэрине талапкерди жергиликтүү кеңештин депутаттары көрсөтүшү керек. Анткени президент мэрди, акимдерди баарын өзү сунуштап, ал адам шайланып калса, анда биз 2009-жылдагы кырдаалга барып такалабыз.
Сүрөттө:
1. Марс Түлегенов
2. Айнуру Алтыбаева
3. Табылды Акеров
4. Дастан Бекешев
5. Мавлян Аскарбеков