Ооруканада оор абалда жаткан 2 жашар баланын зордукталганы экспертизада аныкталса, тиешелүү чаралар көрүлөт

Бишкектеги Шаардык медициналык тез жардамдын балдар клиникалык ооруканасына түшкөн 2 жаштагы бала зордукталганы тууралуу маалыматтар айтылууда. Эгер соттук-медициналык экспертизада анын зордукталганы аныкталса, тиешелүү беренелер боюнча кылмыш иши козголуп, чара көрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда SUPER.KG порталына КРнын ИИМинин басма сөз кызматынын тескөөчүсү Нургүл Нусупова билдирди.

"Белгилүү болгондой, учурда оор абалда ооруканада жаткан 2013-жылы туулган баланын ата-энеси ажырашып кеткен. Бала атасында калып, кийин ал уулун тууганына караганга берген экен. 11-январга караган түнү наристе ооруканага мээси чайкалган, эс-учу жок абалда атасы тарабынан алынып келген. Буга чейин карап келген наристенин байкеси ал үйгө кирүүчү тепкичтен кулаганын айткан. Учурда бул иш боюнча экспертиза дайындалып, Бишкек ШИИББи жана Чүй облустук ИИББи тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүрүүдө",- деди Н.Нусупова.  

Айрым маалымат булактарында жазылгандай, наристе буга чейин ур-токмокко алынып, зордукталып келген. Ага далил катары наристенин денесинен көптөгөн эски жарааттар табылган. Ал эми ИИМден "бул айтылган нерселер далилдене элек" деген жооп кайтарышты.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
uulay
2015-01-13 19:22:56
Ээ Кудай!пенделерине озун ыйман бер,ынсап бер,акыл бер.Наристенин убалы эки дуйно уктатпасын!Ээ Алла наристеге шыпаа бер.Жазасын озун бер, периштеге кол которгон!
+3
danyshman
2015-01-13 20:07:34
Оо алла таалам наристеге тезинен шыпаа бере кор,батыраак айыгып кетсин.Аа тиги айбандан да откон неме экен го,айбан да мындай кылбайт.Ылайым эки дуйнодо жакшылык корбой кал ким наристени кордосо да.Алла таалам корсотот сага ылайым жакшылык бетин корбой кал акмак педофил.
+4
otuzuul
2015-01-13 22:09:51
adam degen soz emne degen ozu,, uwunchalik dengeelge jetip kaldikbi
0
Aysuluuwa
2015-01-13 22:52:34
Жараткан Аллах жашоо кайда баратат!!!! Наалат ошондой "ата" соройго
0
Alina1984
2015-01-13 22:55:03
Олуп кетсин еки аяктуу айбан ,бизде да 4жашар бала чарчап калды ,ата енеси ажырашып кеткен,енеси 8айында таштап кетиптир,атасы болсо алкаш жездесине таштап Москвада екен,баланы урдубу же оорудубу ким билет ?Реанимациядан чарчап калыптыр, ХХХ келип туушат ,тиги дуйнодо жооп берсе екег
0
admin_portal
2015-01-14 11:12:11
Alina1984 - эскертүү!
Коомдук этиканы сактасаңыз.
0
Alina1984
2015-01-13 22:56:29
Бала жакшы болуп кетсе екен ,заманыбыз бузулду го,кундо авария,зордуктоо,олтуруу,жакшы кабар укпай калдык го
+1
nazi25
2015-01-13 23:05:25
Бечара бала туулбай жатып кордолгонун.Ата-энелер жоопкерчиликтуу болгулачы.
+1
emin
2015-01-13 23:56:03
Иии кучугу эртерээк сакайып кетсе экен.Байкуш баланы кардогон адам эмей айбанго.Бизде катуу жазалабайтта ошон учун ушуга окшогон айбандар кобойуп жатат.
+1
dominic_toretto
2015-01-14 00:43:08
Ит! Экспертиза зордукталганын аныктаса кайра чыккыс кылып түрмөгө камоо керек.Ошол жактан билет зордуктаган кандай экенин.
0
bema_bema
2015-01-14 03:40:15
Кучугум,балапан эле да 2 жаш болсо сакайып кетсин шыпаасын берип.Акмактар убалы жаман периштенин жакшылык бетин корбогуло,тируулой эл алдына алып чыгып ташбаранга алып олтуруш керек,ким зордуктаса дагы.
Менин 2 жашар балам бар бироо жаман соз айтса,жулуп алам бир жеринбала кандай ширин болот,энеси неге таштайт атасына мээси жок.
+3
Samina007
2015-01-14 04:33:08
Силер баланарды олтуруп жатасынар,а мен баламдын жузун бир корууго зармын.деген экен ырчы Д Гурцкая
+1
bakan
2015-01-14 05:27:19
Ушул 2 жаштагы баланы таштаган эне энеби энелик мээрими жок акмак. Айбандар дагы балдарын таштабайт ко э кудайым ар бир пендене ынсап журогуно ыйман сал наристелерди эч бир адам кейпин кийген айбанга кор кыла корбо. Баланы сакайып кетишине аллахым бир гана озун шыпаасын бере кор.
+1
gulia90
2015-01-14 05:43:22
Ий байкушум, апасы кандай адам, баланы атасына берип койгон. Абдан окунучтуу.
+1
chalkan
2015-01-14 10:34:51
Ажырашмай мода болдуго, кайсы арына үйлөнүшөт, наристеде эмне күнөө байкушта, ата энелерине наалат, кудай жазаңарды берсин. Бала айыгып кетсин.
0
Deniza88
2015-01-14 10:41:25
Журогум ооруп баштады.. Берекем ай, эмне куноон учун минтип жашоонун азабын тартып баштадын экен. Ажырашам мына ушуга алып келет , эмне деген жашооо
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан