Алмазбек Атамбаев катуу сабалып ооруканада жаткан 2 жашар баланын өмүрүн сактап калууга бардык күчтү жумшоо буйругун берди

Бишкекте 2 жаштагы баланын катуу сабалып, ооруканага түшүшү президент Алмазбек Атамбаевдин көңүлүн бурду. Мамлекет башчы мындай окуяларды болтурбоо боюнча тезинен тийиштүү чараларды иштеп чыгууну өкмөткө жүктөдү. 
Алмазбек Атамбаев комада жаткан 2 жашар баланын өмүрүн сактап калууга жана фактыны дыкат иликтөөгө алууга бардык мүмкүнчүлүктү колдонуу боюнча өкмөттү милдеттендирди. 
Кыргызстандын президентинин пикири боюнча, мамлекеттик органдар ооруканага катуу сабалган кичинекей балдар жатып калган коркунучтуу тенденцияга каршы туруунун жолдорун жана каражаттарын иштеп чыгууга милдеттүү. Кичинекей балдарга зомбулук көрсөткөндөргө карата мыйзамда катуу жаза кароону кошо камтуу менен бирге үй-бүлөдө зомбулуктун себептерин жоюуну камсыз кылган чаралардын комплекси зарыл.

Жапа чеккен балдардын туугандары зомбулук көрсөткөндөрдү коргоп чыккан терс тажрыйбадан улам коомдук  аң-сезимде зомбулукту айыптоо маанайын түзүү үчүн бир катар маалыматтык-түшүндүрүү чараларын иштеп чыгуу зарыл.

Алмазбек Атамбаев: “Балдар толугу менен мамлекеттин, коомдун жана үй-бүлөнүн коргоосунда болууга тийиш. Балдарга аяр мамиле жасап, алардын ден соолугу, келечеги тууралуу камкордук көрүү аркылуу гана биз эркин жана гүлдөп өнүккөн Кыргызстан кура алабыз”,- деп билдирди.

Окуя боюнча кененирээк маалымат бул жакта. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан