Ички иштер министри Мелис Турганбаев 2 жашар баланын сабалышы боюнча козголгон кылмыш ишин жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу 14-январда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-январында шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жарааттар болгон. Мындан улам дарыгерлер баланын сабалып, зордукталганын айтышкан.
Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары 47 жаштагы жаран кармалган. Ал 2 жаштагы баланы сабаганын моюнуна алып, зордуктаганын четке кагууда.