Өзбекстандын Либерал-демократиялык партиясы быйыл өтүүчү президенттик шайлоого учурдагы өлкө башчы Ислам Каримовдун талапкерлигин бир добуштан жактырды. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда аталган партиянын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен чет өлкөлүк басылмалар жарыялашты.
Маалыматка ылайык, президенттик шайлоо 2015-жылдын 29-мартында өтөт. "2007-жылдын 23-декабрында өткөн президенттик шайлоодо Ислам Каримов шайлоочулардын 88,1 пайыз добушуна ээ болгон. 2011-жылы Өзбекстанда президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн 7 жылдан 5 жылга чейин кыскартуу боюнча мыйзам кабыл алынган",- деп билдиришти партиядан.
Айта кетсек, Ислам Каримов 1990-жылдан 24-мартынан бери Өзбекстанды башкарып келет.