Издөөдө жүргөн Мелис Мырзакматов элге кайрылуу жасады

Ош шаарынын мурунку мэри, кылмыш иши козголуп, эл аралык издөөдө жүргөн Мелис Мырзакматов интернет аркылуу кайрылуу жасады. Кайрылуусунда Мырзакматов өзүнө козголгон кылмыш иши саясий куугунтук экенин, азыркы бийлик жалган ушактарды таратуу менен ыгы жок каралап жатканын белгилейт. 

"Ак ийилет, бирок сынбайт" дегендей, акыйкаттык, адилеттүүлүк сөзсүз орнойт! Эгерде баш коргоо чарам өзгөртүлүп, адилет тергөө болсо, мен Кыргызстанга келип, адилет сот аркылуу өз чындыгымды жана актыгымды далилдөөгө даярмын. Мен акыйкаттык үчүн, элимдин эртеңки жаркын келечеги үчүн бийликтеги авторитардык жана коррупциялашкан чиновниктер менен күрөштү токтотпой уланта берем. Албетте, жеңиш биз тарапта болот!"- деп билдирет Мырзакматов. 

Экс-мэр Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн курулушуна кенен токтолду. Сөз арасында булар айтылды:

"Башкы прокуратура жана бийликтеги кээ бир төбөлдөр "Мырзакматов жеке амбициясынын айынан көпүрөнүн курулушун тиешелүү каражаты жок эле баштап алды" деп айтышууда. Бул да карандай калп! Биз калкыбыз үчүн башыбызды тобокелге сайып, мамлекеттик мыйзамдарды сактоо менен, шаардын бирден-бир стратегиялык багыты болгон транспорттук каттамдарын жакшыртуу максатында эстакадалык өтмө көпүрөнүн курулушуна белсенип киришкен элек. Курулушту бүткөрүү үчүн биз финансылык кошумча булактарды таап, салык топтоону жаңы деңгээлге көтөрүп жатканбыз. Аткарам деген бекем эрк, көкүрөктө калкым деген дем болсо, ага кошумча жалпы эл колдоп турса, каражат сөзсүз табылмак".

Айта кетсек, Мелис Мырзакматов "Ош шаарынын мэри болуп турганда кызматтык абалынан пайдаланып, “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын жергиликтүү коомчулуктун уставы” мыйзамдарын бузуп, эч кандай техникалык-экономикалык негиздемеси жок аталган көпүрөнү каржылоого жана курууга Оштун жетекчилерине мыйзамсыз буйрук берген" деп айыпталууда. Мунун кесепетинен мамлекетке 27 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген. 2014-жылдын 27-ноябрында М.Мырзакматовго “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, Ош шаардык соту камакка алуу чечимин чыгарып, кийинчерээк ИИМ аны кармоо боюнча Интерполго кайрылган.

Мелис Мырзакматов элге кайрылуу жасады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан