Мелис Турганбаев: "Эки жаштагы баланы сабап, зордуктаган" деп шектелген жарандын кыздары да суракка алынышты"

"Эки жаштагы баланы сабап, зордуктаган" деп шектелип эки айга камакка алынган жарандын балдары да жашы жете элек балдар инспекторлору тарабынан суракка алынышууда. Алардын 5 кызы бар экен, улуусу 16, ал эми кичүүсү 5 жашта экен". Бул тууралуу бүгүн, 16-январда балдарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулук боюнча өкмөт башчынын катышуусундагы жыйында ички иштер министри Мелис Турганбаев билдирди. 

"Учурда кылмышка шектүү жарандын аялы да камакка алынган. Суракта ал 2 жаштагы Ибрагим өзү тентек болгондугун айтты. Ошол себептен алар аны айрым учурларда тарбиялык максатта уруп коюшчу экен. Ал эми баланын зордукталганы же зордукталбагандыгы экспертизанын жыйынтыгы менен гана белгилүү болот",- деди министр. 

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 10-январында шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жарааттар болгон. Мындан улам дарыгерлер баланын сабалып, зордукталганын айтышкан. Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары 47 жаштагы жаран кармалган. Ал 2 жаштагы баланы сабаганын моюнуна алып, бирок аны зордуктабаганын айткан болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан