Жоомарт Оторбаев балдарды кордуктан сактоо үчүн "111" кызматын ишке киргизүүнү сунуштады

Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев мектептерде окуучуларга алардын укуктары жөнүндө жетиштүү маалымат берилбей жатканына нааразы. Өкмөт жетекчиси бул жаатта чет өлкөдөгү тажрыйбаны мисал келтирди. 
"Чет мамлекеттерде ар бир бала кайсы номурду терип жардамга кайрылууга болорун билет. Социалдык өнүгүү министрлигинин базасында "111" номурлуу балдардын ишеним телефонун ишке киргизүү зарыл. Номур брондолгон, байланыш борбору иштеш үчүн тапшырма берилген. Бирок эч нерсе жасалган жок. Балдарды кордоо фактылары боюнча кайда кайрылуу керектигин коомчулук билиши керек",- деди Оторбаев. 
Премьер-министр балдарды кордоо тенденциясын токтотуу керектигин белгилеп, буларды айтты:
"Эгер балдарга орой мамиле кылуу практикасы улана берсе, анда биз эч качан цивилизациялуу мамлекет атала албайбыз. Бул биздин эл үчүн уят. Эгер өзүбүздү татыктуу улутпуз деп эсептесек, анда мындай көрүнүштү токтотуубуз керек. Балдарга кордук көрсөткөндөр катуу жазаланууга тийиш". 
Айта кетсек, өкмөт башчы бүгүн балдарга зомбулуктун күчөшү боюнча жыйын өткөрдү, буга апта башындагы окуя себеп болду. 10-январда шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жарааттар болгон. Мындан улам дарыгерлер баланын сабалып, зордукталганын айтышкан. 

Күч органдары тарабынан кылмышка шектүү катары 47 жаштагы жаран кармалган. Ал 2 жаштагы баланы сабаганын моюнуна алып, зордуктаганын четке кагууда. Ошондой эле кечээ кылмышка шектүүнүн аялы да кармалган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан