"Туугандарыма ишенип, Ооганстанга кулчулукка сатылып кетип, 5 ай дегенде араң мекениме кайттым". Бул тууралуу бүгүн, 29-январда маалымат жыйынында жабырлануучу
Таалайбек Абдрахманов билдирди.
"Бул окуя тууганымдын үйүн салуудан башталды. Өзүм курулушта иштегендиктен, эң улуу таякем "үйүмдү курууга жардам бер, төлөп берем" деди. Мен анын үйүндө иштеп калдым. Курулуш иштери жыйынтыкталганда ал акчаны бербей, "сага жакшы жумуш таап койдум" деген шылтоону айтты. Ошентип, алыскы 8 тууган Алматыга кеттик. Андан соң Дубайга учуп бардык, ал жактан бизди Жамиля аттуу эжебиз тосуп алды. Дубайда 18 күн жүрдүк, андан кийин Кабулга учуп, Ооганстандын Герат шаарындагы америкалыктардын аскер базасына түшүп калдык. Ал жакта 3 миң аскерге тамак жасаган ашпозчулардын жардамчысы болуп иштеп жүрдүк. Эжем бизге "айлыгыңар башында 700 доллар болот, кийин көбөйөт. Ар бир 6 айда мекениңерге 20 күнгө барып турасыңар" деп убадалаган. Бирок ал убадалардын бири да ишке ашкан жок",- дейт Т.Абдрахманов.
Анын айтымында, 8 кыргызстандык жаран ал жакта 3 ай 15 күн иштеген, бирок алардын жетөө эч кандай маяна албай келген.
"8 адамдын ичинен бир гана адам айлык алып жатты. Себеби ал бизди Дубайдан Ооганстанга жөнөткөн эжебиздин бир тууган иниси болчу. Кийин териштире келсек, биз иштеген жайда кызматкерлердин баары 1200 евро айлык алары аныкталды. Биз алданып, кулчулукка сатылып кеткенибизди түшүндүк. Иштөөдөн баш тартканыбызда, колубузга 450 евродон карматып, кийим-кечебиз менен кууп чыгышты. Биз эмне кыларыбызды билбей, сыртта бир саат отурдук. Анан унаа менен 2 ооган улутундагы жана 1 өзбек жигит келип, бизге алар менен кетишибиз керектигин түшүндүрдү. Биз кайра Кабулга келип, жергиликтүү мейманканалардын биринде 23 күн баш калкаладык. Бактыбызга жараша, биз орус аскерлерине жолугуп калып, абалыбызды түшүндүрдүк. Алар аркылуу Ооганстандагы Кыргызстандын элчилигин таап, ошолордун жардамы менен мекенибизге 6 адам кайтып келдик",- дейт жабырлануучу.