17-18-февралда Бишкек шаарынын Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда эркин күрөш боюнча Өлкө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда аталган спорт федерациясынын башкы катчысы Айбек Акматов билдирди. Маалым болгондой, бул күнү өлкөнүн бардык аймагынан 200гө жакын спортчу келип күч сынашмакчы. “Мелдештин негизги максаты - Кыргызстанда эркин күрөштүн деңгээлин жогорулатуу жана күчтүү курама команда топтоп, аларды эл аралык мелдештерге чыгуу”,- деди Акматов.