Өкмөттүн жаңы түзүмү: Кыргызстанда министрликтердин санын 15тен 9га кыскартуу сунушталууда (тизме)

Кыргызстанда өкмөттүн жаңы түзүмүнүн долбоору иштелип чыкты. Документ мамлекеттик башкаруу моделин жана мамлекеттик активди башкарууну жакшыртуу максатында иштелип чыкканы айтылды. Ага ылайык, министрликтердин жана мекемелердин саны кыскарууда. Учурда 15 министрлик болсо, анын 9ун гана калтыруу сунушталууда. Кыскартуулар менен мамлекеттик бюджеттин абалы жеңилдей турганы айтылып жатат. 
Алдын ала маалыматтар боюнча, бардык өзгөрүүлөрдөн улам бюджеттен 19,9 миллиард сом үнөмдөлөрү күтүлүүдө. Долбоорду даярдоодо калыптанып калган жалпы адамзаттык баалуулуктар жана Кыргызстандын элинин салттык баалуулуктары эске алынганы белгиленет документте. Жаңы долбоор "Ар-намыс" фракциясынын сунушу катары учурда парламентте. Кыргызстандын өкмөтүнүн жаңы түзүмү төмөнкүдөй вариантта сунушталууда:
Премьер-министр
Биринчи вице-премьер-министр
Аппарат жетекчиси-министр
Вице-премьер-министр
Вице-премьер-министр - өнүгүү жана соода министри
Вице-премьер-министр - инфраструктура министри
Министрликтер:
Каржы министрлиги
Өнүгүү жана соода министрлиги
Инфраструктура министрлиги
Билим берүү министрлиги
Коргоо министрлиги
Тышкы иштер министрлиги
Ички иштер министрлиги
Юстиция министрлиги
Саламаттыкты сактоо жана социалдык кызмат министрлиги
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (Чек ара кызматысыз)
Демек, бир катар министрликтерди жоюп, жаңы орган катары министрликтердин карамагына өткөрүү сунушталууда. Алар:  
Айыл чарба жана мелиорация министрлиги (Өнүгүү жана соода министрлигинин алдындагы Айыл чарба, мелиорация, айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба департаменти болуп түзүлмөкчү)
Социалдык өнүгүү министрлиги (Саламаттыкты сактоо жана социалдык кызмат министрлигинин алдындагы Социалдык өнүгүү департаменти болуп түзүлмөкчү) 
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги (Өнүгүү жана соода министрлигинин алдындагы Маалымат, туризм жана маалыматтык технологиялар департаменти болуп түзүлмөкчү)
Транспорт жана коммуникация министрлиги (Инфраструктура министрлигинин алдындагы Транспорт жана коммуникация департаменти болуп түзүлмөкчү)
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (Ички иштер министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдар департаменти болуп түзүлмөкчү)
Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги (Ички иштер министрлигинин алдындагы Миграция боюнча департамент болуп түзүлмөкчү)
Энергетика жана өнөр жай министрлиги (Инфраструктура министрлигинин алдындагы Энергетика жана өнөр жай департаменти болуп түзүлмөкчү)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан