Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 2012-жылдын ноябрь айында дайынсыз жоголгон Г.Е. аттуу аялдын сөөгү табылды. КРнын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын түштүк аймактык бөлүмү билдиргендей, аталган жарандын өлүмү боюнча шектелип 21 жаштагы А.М. аттуу жаран кармалды. Кылмышка шектүү жаран ал аялды А. аттуу адамдын буйругу менен 15 миң сомго өлтүрүп бергенин моюнга алган. Учурда бул окуя боюнча айыпталуучу жана тийиштүү документтер Кадамжай РИИБине өткөрүлүп берилгени маалым болду.