Манасбек Арабаев Кыргызстандын президентинин аппаратынын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти. Айта кетсек, буга чейин аталган кызматты Индира Жолдубаева аркалап келген. И.Жолдубаева жакында Кыргызстандын башкы прокурору болуп дайындалган эле.