Биз социалдык тармакта
Бек Борбиев Гүлжаным
00:04:04
Жүктөлгөн: 18-03-2014
04:04
7.43 Мб
Жанр: Поп
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (9)
Kudi
2014-03-18 15:24:32
Сонун ыр екен 5 Бек байке талантыныз ташкындай берсин
+6
jumatone
2014-03-19 00:40:53
Кыргыз кызы. Гүлкайыр гүлүн төгө баштаганда деген ырларын жүктөп койсоңор
+2
admin_media
2014-03-19 10:56:06
Мэри
2014-03-28 16:33:34
Сонун экен...
+1
Мэри
2014-03-28 16:49:10
Көптөн бери ыр уга элек экем, эс алып калдым... Рахмат...
+1
Мэри
2014-03-28 17:09:49
Текстте көптөн бери уга элек, кездештире элек (мен өзүм алыстап калсам керек) сөздөр, көркөм сөз каражаттары, сүрөттөлүштөр бар экен. Сагынып калыптырмын... (Атым сезип кошкурат, түн жарым, жылдыздарга эркелеп, отурамын жайланып, түндү жарып ж.б.) Негизи эле Бек байкенин ырларында сюжет бар, ырдагы айтылып жаткандар көз алдыңа тартылат.
0
Мэри
2014-03-28 17:28:10
Бек байкенин үнүнөн жалынуу-жалбаруу сезилип жатат... Сонун жеткирген...
+1
Zair_Alimov
2014-03-28 18:00:14
Беродар Бек байкенин, ырлары барыысы эле жакшы денгеелде чыгат, мунусу алардан бир аз, озгочороок болуптур!)
0
Гүлжан Асанкожоева
2014-06-25 17:51:06
Оо, мага арналган деле ыр бар экен да. Кандай сонуун))
0
Бек Борбиев "Гүлжаным"
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Убадалар болсо керек эсиңде, Жолугабыз кечинде.
Жолугушуу кош булактын жээгинде,
Айылыбыздын четинде.
Эрте келип олтурамын жайланып, Сарсанаага байланып.
Баары тымтырс, мени менен кабатыр деп,
Асман гана айланып.

Кайырма:
Ай жаңырып, жылдыздар көп, түн жарым,
Чыгасыңбы чындап сүйсөң,
Гүлжаным менин?
Шүүдүрүмдү баягыдай таңдагы,
Сүртөсүңбү көздөрүмө,
Гүлжаным менин?

Зериктиби, жалгыз терек термелет,
Келсең болмок эртелеп.
Олтурмакпыз кыналышып, сырдашып,
Жылдыздарга эркелеп.
Күтүү деген обон созот кош булак,
Сенин ордуң бош турат.
Түндү жарып келатканың жаркылдап,
Атым сезип кошкурат.

Кайырма:
Ай жаңырып, жылдыздар көп, түн жарым,
Чыгасыңбы чындап сүйсөң, Гүлжаным менин?
Шүүдүрүмдү баягыдай таңдагы,
Сүртөсүңбү көздөрүмө, Гүлжаным менин?
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан