Биз социалдык тармакта
Бек Борбиев Гүлчөтай
00:04:11
Жүктөлгөн: 18-03-2014
04:11
7.66 Мб
Жанр: Поп
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (28)
meridian
2014-03-21 01:19:36
Супер. Абдан жакты. Соз жок. Алайдын сулуулары жакшы ырларда жашаганга татыктуу. Бар болунуз,Бек ака. Сизге чыгармачылык ийгилик,жакшы жетишкендиктерди каалайм.
+1
nur4ella
2014-03-21 13:47:56
Ыр сонун музыкасына кандай баа бересинер?
0
alai1987
2014-03-25 12:09:22
оо жакшы чыгыптыр,Гулчонун сулууларына арнаган ыры,красавчик Бек брат
+2
Nursultan.m.n
2014-03-26 03:18:37
)) voo alaidyn kyzdary da baldary da suluu))jakshy yr eken Bek baike
Bek baike kyz bolgondo anda murun ele chygarmak alaidyn jigitterine xexe!!
+1
Lumia-800
2014-04-06 19:42:58
Оппаа Алайдын суйдум перисииин....сонун!
+1
semei
2014-04-13 09:38:44
Бек азаматсын супер ыр быйылкы тойлордун хити болотко алга!
+1
dinooou
2014-04-14 22:30:20
Ыр сонун!Алайдын кыздарына озгочо жакты)))
+1
Bolo
2014-04-15 12:31:04
Сонун ыр болуптур! Бектин ырлары башкалардыкына окшобойт, дайыма оригиналдуу!
0
RahiLa
2014-04-26 23:45:00
охооо чулчо
0
alaika.kg
2014-04-27 21:49:35
Алайдын кыздарынын атынан чоң рахмат, Бек байке!:-)
+3
dastan_nookat
2014-05-06 18:02:25
Текст кошуп койгулачы
0
kg_bars
2014-10-02 16:02:40
Сонун ыр екен!
0
ernisosh
2014-10-26 19:38:09
соз жок.
0
azart
2014-11-17 01:25:55
сонун ыр алга алга
0
nazya5
2014-12-21 10:01:50
Сонун ыр экен!!! Рахмат сизге Бек байке датканын кыздарынын атынан!))
+1
Бек Борбиев "Гүлчөтай"
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Ойнотуп жүрөк кылдарын,
Өзүңө келди ырдагым.
Чыйырчык жакка бет алдым,
Карабай Оштун кыздарын.
Жол узак али, сен кайда?
Көкүрөк тартса, барбы айла?
Өзүң да келсең болбойбу,
Күч күйөө кылбай, кылбай Алайга.

Кайырма:
Жашаган жери Гүлчө, Гүлчө,
Жайнап турат экен күлсө, жүрсө.
Алайдын тоосу гүлгө бай,
Келатам эңсеп күлчөтай.

Зымырап Мады, Баш-Булак,
Кыздары калды кол булгап.
Күйөө бала экен дештиби,
Ашуудан кымыз, бал сунат.
Керемет жериң келишим,
Датканын кызы, элисиң.
Күч күйөө болуп турсам да, эй,
Алайдын сүйдүм, сүйдүм перисин.

Кайырма:

Күлчөтай жасап камданып,
Тосорсуң ысык нанды алып.
Жылуу-Суудан өтүп баратам,
Жакындап улам, жанданып.
Жол узак экен, сен кайда?
Көкүрөк тартса, барбы айла?
Мен жакка дагы келерсиң сен,
Күч күйөө кылбай, кылбай Алайга.

Кайырма:
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан