Биз социалдык тармакта
Бек Борбиев, Гүлнур Сатылганова Ак көгүчкөн
00:04:12
Жүктөлгөн: 06-05-2014
04:12
3.84 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (37)
pitbul.t91
2014-05-07 20:10:14
сонунго
0
nargiz2626
2014-05-08 09:56:50
жакшы
0
kubankg2010
2014-05-08 10:51:15
admin_superstan рахмат сизге ушул дует жуктогонунузго
0
Mashirapovna
2014-05-08 10:58:38
Гулнур Сатылганова м,н Айар ырдаган ырын суранат эле сиздерден супер-инфо?
0
admin_superstan
2014-05-08 11:50:07
Mashirapovna, Саламатсызбы!
Сунушуңуз эсибизде.
0
uylaak
2014-05-08 17:28:16
Рахмааат
0
chinakg0997
2014-05-08 20:47:26
Сонун екен адимин рахмат жуктоп койгонунузга
+10
0
kalmamat
2014-05-16 23:48:16
Урматтуу Супер Инфочулар,Камчыбек Турсункулов деген кыргыздын кучтуу обончу ырчы жигити бар эле.Ошол кишинин озунун аткаруусундагы ырларын таап жуктосонор ото жакшы болот эле.Ырлары дагы бир башкача эле.
0
admin_superstan
2014-05-19 15:40:14
kalmamat, азырынча биздин порталдын "Элдик аудио" бөлүмүндө 3 гана ыры бар:
http://www.super.kg/media/?search_term=Камчыбек+Турсункулов&search_author=0&media_search=1&x=0&y=0
0
Take200182
2014-05-28 00:47:59
Бек Борбиевдин"Шыбыр шыбыр ун менен сырдашабыз тун"менен деген аккордеон менен ырдаган эски ыры бар эле ошону жуктоп коё аласыздарбы алдын ала рахмат
0
Take200182
2014-05-28 01:02:15
Бек Борбиевдин "Айлуу тун сырларым сен"деген аккордеон менен ырдаган эски ырын жуктоп койсонуздар жакшы болот эле алдын ала рахмат
0
admin_media
2014-05-28 17:23:52
Take200182,
Саламатсызбы! Ырдын аталышын жазып койсоңуз издөөгө ыңгайлуу болмок. Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
nurka_85
2014-06-14 17:20:42
Кыргыз сахнасынын залкарлары го
Эн сонун союз жок
+1
nurka_85
2014-06-14 17:22:47
Соз жок
+1
kukukyrgyz
2014-06-17 19:18:06
salamatsyzdarby super info surany4 sizderden Bektin

"jigiti bar eken dep emi sen bilip jyrgyn" degen yryn jyktop koisonuzdar soopko kalat elenizder aldyn ala 4oon rahmat.
0
admin_superstan
2014-06-18 11:45:37
kukukyrgyz, ал ыр бар:
http://www.super.kg/media/audio/70935/
0
Take200182
2014-07-28 22:48:25
Кыргыздын эски ырларын эч жерден таба албайт элек.ушул сайтты ачып жакшы кылыптырсынар.Издегенини тапсан болот экен ото ыраазымын супечилерге рахмат мынданда онуго бергиле
0
Мэри
2014-08-22 17:49:08
Бул ырды Гүлнур эже алгач ырдаганда дагы бир ирет таң калгам,Бек байкенин талантынын күчүнө.Анткени бул ырда айымдын көз карашы, психологиялык абалы берилгендей, (мен ошондой кабыл алам)аны аялзаты гана түшүнүп, аялзаты гана жакшы бере алмак.А Бек байке ошону сонун берген,айымдын жан дүйнөсүндө болуп жаткан бурганакты, бороон-чапкынды укмуш сүрөттөгөн.
+1
Joke.uzb.
2014-09-30 13:17:16
Гульнур эже озу жеткириб ырдаган, Бек байке менен дуэти андан да сонун болубтур.Супер!
0
Бек Борбиев , Гүлнур Сатылганова "Ак көгүчкөн"
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Таң да атты, таалайым батып баратты,
Үмүт катты, үзүлүп көздөн жаш акты.
Болду го деп өзүмө суроо бере албай,
Козгой албай, кансырап турган жараатты.

Кайырма:
Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Жан сырым сага бөлүшкөм.
Барбы же билбейм башка арга,
Көл кылып көз жаш төгүштөн?
Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Сырдашып сага көнүшкөм.
Билбеймин, неден жаңылдым,
Адаштым кайсы өрүштөн?

Арман кылар айтылбай, балким, сыр калар,
Унутулар, ырдалбай, балким, көп ырлар.
Ак көгүчкөн, сен дагы жалгыз, мен жалгыз,
Эгиз сыңар окшошту биздин тагдырлар.

Кайырма:
Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Жан сырым сага бөлүшкөм.
Барбы же билбейм башка арга,
Көл кылып көз жаш төгүштөн?
Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Сырдашып сага көнүшкөм.
Билбеймин, неден жаңылдым,
Адаштым кайсы өрүштөн?

Мен үзүлбөйм, аскада гүлдөй үзүлбөйм,
Мен өкүнбөйм, чайпалып көлдөй төгүлбөйм.
Мен жанамын, күндүзү күндөй, түнү айдай,
Булуттардай, бир көрүнүп, бир көрүнбөйм.

Кайырма:
Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Жан сырым сага бөлүшкөм.
Барбы же билбейм башка арга,
Көл кылып көз жаш төгүштөн?
Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Сырдашып сага көнүшкөм.
Билбеймин, неден жаңылдым,
Адаштым кайсы өрүштөн?
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан