Замир Арыкбаев Мөлтүрөгөн
00:03:42
Жүктөлгөн: 26-11-2014
03:42
3.38 Мб
Жанр: Поп
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (6)
Aijash90
2014-11-26 13:21:01
мага жакты бул ыр
0
sospomosh
2014-11-27 18:24:33
Текстин да жүктөп койсоңуздар!
0
dastan_nookat
2014-12-14 18:00:53
Замир Арыкбаев-''Атакем'' ырын кошуп койсонуздар
0
Maksutov.95
2015-09-28 15:57:46
Соонун ыр болуптур ийгиликтер болсун!
0
umar-ali
2016-01-16 14:07:33
Эмне учун мен ырды жуктосом жер эне деген ыр жуктолуп калып жатат?
0
Myrzaw98
2017-01-11 10:48:29
жакшы ыр болуптур
0
Замир Арыкбаев "Мөлтүрөгөн"
Бул ыр Мирбек Масалиев менен биргеликте аткарылган
Эркелесең кулпуруп өзгөчөмсүң,
Элигиндей талаанын
Аруулардын кечеги данегисиң,
Ай үстүндө маралым.
Адамзаттын ажарлуу көркөмүсүң,
Күндөй ачык кабагың,
Көңүлдөгү сезимдей эрке кушуп,
Сагынычтын шамалы.

Кайырма:
Мөлтүрөгөн, мөлтүрөгөн
Мөлтүрөгөн жанарың...

Санаа-ойдун сезимдин чертимисиң,
Оттой неге жанамын.
Жүрөгүмдө жаралган махабатым,
Жоодураган каралдым.
Кербен сулуу чырайлуу келбетиңе,
Көзүмдү албай карадым.
Өз теңимди таба албай жер бетинен,
Бакытыма бааладым.

Кайырма:

Сызып учкан ак куудай көл бетинен,
Аппак экен тамагың.
Жадыратар жолумду, өмүрүмдү
Үлбүрөгөн жамалың
Сендей сулуу жок десем сен сезбейсиң,
Барбы менин амалым
Бул өмүргө келгендей жакшы ыр үчүн
Мөлтүрөгөн жанарым.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан