Роза Шакирова Серенада
00:03:34
Жүктөлгөн: 13-03-2015
03:34
6.5 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (17)
kaku90
2015-03-15 00:36:35
Мен жаш кезимди эске салды мага аяабай жагат ушу ыр
+1
Adi-95_95_95
2015-03-15 13:20:18
Мен Куткон ыр рахмат, сиздерге
0
Maks_sharshenaliev15
2015-03-16 10:38:50
роза эжеге ийгилик.. урматтуу АДМин Гуланданын сары кыз деген ырын киргизип койунузчу
0
admin_media
2015-03-16 11:03:05
Maks_sharshenaliev15,
Саламатсызбы! Жакында жүктөлөт, сунушуңузга рахмат!
0
Bekbolot.ilyazov
2015-03-16 12:31:00
Роза Шакирова азамат! уну мыкты
0
Rasuli
2015-03-16 12:53:25
Көптөн бери таппай жүрдүм эле, чоң рахмат сиздерге...
0
sayakat
2015-03-16 19:49:35
кадимкидей эле Роза эжекебиз алдыда азаматсыз ийгиликкккк
0
chynara-84
2015-03-23 01:26:03
Башка кыздар ырдачу беле,синдиси экоо Марал менен Анипа.
0
chynara-84
2015-03-23 01:31:42
Абдыкеримовалар
0
Erkatay1108
2015-08-24 02:12:54
Роза эже унунуз соонун ийгилик
0
Oi_pikir
2015-08-24 13:08:27
Розанын үнүнө сонун "отурган" бул ыр. Дагы бираз динамика кошсо жакшы болмок. Анан башындагы музыканы бираз кыскартса жакшы болот.
0
Kadyrbek09.10.2015
2015-11-15 00:48:39
Сөзү кимдики мурда ким ырдайт эле
0
nurkaa
2016-04-09 16:59:47
жамал Абдыкеримованын аткарууунда болсо жуктоп койсонор урматту админ
0
admin_media
2016-04-13 12:38:26
nurkaa,
Саламатсызбы! Шилтеме менен кириңиз:
Жамал Абдукеримова - "Серенада"
http://www.super.kg/media/useraudio/74258/
0
Oskar.97
2016-04-23 02:32:36
Роза эжебиздин үнүнө сөз жок...
0
orakul
2016-10-14 00:14:12
Кеберлеге кайра ырдалган ырлар жакпайт,жакпаса укпасын менден ыраазычылык Розага
0
Baha.Kent
2018-04-11 13:06:43
Ушул ырды дагы кимдер ырдайт жуктой аласыздарбы
0
Роза Шакирова "Серенада"
Алоолоп кармап алып сүйүү жалын,
Акылдан азгырганың түшүн жаным.
Буулугуп бутагыңа конуп турам,
Бул менин бугум айткан шырылдаңым.

Кайырма:
Сени бөпөлөдүм, жаным бөпөлөдүм.
Аны сезгендирсиң менин көпөлөгүм.
Эрким, эселегим, эстүү секелегим,
Тагдыр насип кылса бактым сенде менин.
Сүйөп үмүт деми, жүрөк сүйүп сени,
Эсим эки болду эзип күйүт мени.
Күнүм жылга айланды, үмүт муңга айланды,
Тунук махабатым бүтпөс сырга айланды.

Жакшынын жандырмагын терметейин,
Эркиме эртеңкини эңсетейин.
Сездирип сүйүүбүздүн неге экенин,
Сен деле айтып чыкчу бекбекейим.

Кайырма:

Түбөлүк ыйык сүйүү уялаган,
Түшүнтүп жүрөгүмдү сыялаган.
Түшүнчү түйшүгүмө себеп табам,
Бул менин сага деген серенадам.

Кайырма:
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан