Биз социалдык тармакта
Кайрат Примбердиев Жигит сүйүүсү
00:03:36
Жүктөлгөн: 24-03-2015
03:36
3.29 Мб
Жанр: Поп
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (4)
dastan_nookat
2015-03-24 18:00:26
рахмат super.kg
+1
mendiba
2015-03-24 18:48:52
Жакшы
0
bekbulat
2015-03-24 19:12:29
чон рахмат)
0
AitolkunFredoom
2015-10-29 17:27:02
созун жазып койгулачы ыр балдарга стимул болот
0
Кайрат Примбердиев "Жигит сүйүүсү"
Кыздар өтүшөт, жылдыздай жарык чачып,
Кыздар өтүшөт, гүлдөрдөй жыты аңкып.
Бирок негедир, ишенбей жигиттерге,
Муздак карашат, сырларын ичке катып.
Көздөрү сүйкүм, күлкүсү шыңгыр, тунук,
Жүздөрү болсо, кол жеткис аппак болуп.
Бирок негедир, ишенбей жигиттерге,
Күмөн санашат, жигитти сынап туруп.

Жигиттер жүрөктөн сүйүүшөт,
Жалындап алоолоп күйүшөт.
Жанган сүйүүсү туруктуу,
Түбөлүккө күтүшөт.
Жалган айтып жүрөк жибитпе,
Ишенгиле, кыздар жигитке,
Табы кайтпас күйгөн оттой,
Сүйүү жашайт жигитте.

Жигит сүйүүсү, нөшөрдөй жазда жааган,
Жигит сүйүүсү, шамалдай айгай салган.
Бирок жигиттер намысты бекем тутат,
Самашат тунук, сезимди эсте калган.
Жигит сүйүүсү, ак толкундай көлдөгү,
Жигит сүйүүсү, ыпысык күн чөлдөгү.
Жандап өтпөстөн, жылмайчы мага сулуу.
Жанымды берем, көзүм башка көрбөдү.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан