Айпери Кубик кызы Балама
00:04:08
Жүктөлгөн: 14-04-2015
04:08
3.79 Мб
Жанр: Поп
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (23)
Asanovna1805
2015-04-17 12:33:48
Аябай жакты. Азаматсын Айпери,бактылуу бол. Супер!!!
0
ROZA-87
2015-04-17 14:17:57
Айпери сага ийгилик уй булоолук бакыт ар дайым бизге ушундай жакшы ырларды ырдап журо бер
0
padysha
2015-04-17 22:27:36
Azamatsyn chygarmachylynda alban-alban yigilikterdi kaalaim. Akyrky kezderde myndai sonun yrlar jok ese ele chon janylyk dep oiloim.
0
Kuan
2015-04-18 10:55:59
"Бакытымы сени берсечи ай"кандай жылуу создор,бул озгочо балалуу боло албай жургон айымдарга жагат болуш керек,создору атайын биз учун жазылгандай(((Баардык айымдарга бала жытын жытташына тилектешмин...
0
gulanda01
2015-04-20 14:53:19
Бугун эртен коз жарам буюрса мен да бакытымды кутуп жатам кудайдан тилеп.Эне болуу бакыты кандай сонун! жакшы ыр болуптур азамат АЙПЕРИ.
0
salamatka
2015-05-17 20:33:20
эн соонун ыр азаматсыз
0
sumka
2015-05-31 13:57:18
Bul yrdy ugup kudai buiurup men da ene boluu baktyna ee boluunu tilek kyldym.sonun yr eken. Azamatsyn Aiperi! !!
0
guljigit.casper
2015-05-31 17:50:28
Сонун ыр мага аябай жакты +5
0
Aselya_9105
2015-06-09 22:11:17
Эн сонун ыр. Бул ырдагыдай бакыт сезимин ар бир айымга АЛЛАХым насип этсин.
0
Aselya_9105
2015-06-09 22:13:22
Айпери, аман эсен коз жарып ал.
0
Nara_zi
2015-07-03 01:27:36
Азаматсыз Айпери! Сиздин талантынызды сыйлайм. Бактылуу болунуз!
0
Chubak3922
2015-10-15 16:54:20
Жакшы ырдаган азаматсыңар айпери
0
dastan_nookat
2015-10-19 17:55:25
Баланыздын омуру узун болсун сизге ден-соолук каалайм
0
sultan.osh.rb
2016-03-21 18:19:01
Саламатсызбы админ медия? Айпери Кубик кызынын Кайнене деген ырын жуктоп койосузбу же шилтеме берип койсонуз?
0
admin_media
2016-03-21 18:31:36
sultan.osh.rb,
Саламатсызбы! Суранычты бир эле жерге жазганыңыз жетиштүү. Сунуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
Stal.muradilov
2017-12-25 18:33:34
Сонун ыр экен азамат Айпери
0
Айпери Кубик кызы "Балама"
Сөзү : Б.Чотурованыкы
Обону : Кубик Калыковдуку
Булт этет неге, бул кызык деле,
Бул эмне десем, буттарың беле?
Эркелеп деле, элесиң көрө,
Жылмаям жыргап, жыттагым келе.

Балам, балам, балам эркетай,
Бакытыма сени берсечи, ай,
Бул жарыкка аман көз жарып келсең, ай.
Балам, балам, балам эркетай,
Бакытыма сени берсечи, ай,
Бул жарыкка аман көз жарып келсең, ай.

Туйлаган кезең, толкундап кетем,
Бул эмне десем, колдоруң бекен?
Төрөдөй көсөм, төрөлсөң экен,
Ак бешик күтөт, апакай бөпөм.

Сүйүнчүлөр турса айтылып,
Сүйүнүчкө көңүл артылып.
Бакыт тилеп сага, жүрөгүм тартылып.
Сүйүнчүлөр турса айтылып,
Сүйүнучкө көңүл артылып.
Бакты тилеп сага, жүрөгүм тартылып.

Жылуу койнумда, жытың сонун да,
Чачыла чачсам, жентек тоюңда.
Торолсоң анан, тойбой оюнга,
Жетелеп жүрсөм деймин оюмда.

Кайырма:

Бала, бала, балам эркетай,
Бактыма сени берсечи, ай,
Бул жарыкка аман көз жарып келсең, ай.
Сүйүнчүлөр турса айтылып,
Сүйүнучкө көңүл артылып.
Бакты тилеп сага, жүрөгүм тартылып.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан