Тургуналы Нурматов Кыргызымдын жигиттери
00:02:54
Жүктөлгөн: 02-09-2015
02:54
5.31 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (4)
joker007
2015-09-02 15:32:00
Азаматсыз агай сонун ыр, бир убакта хит болгон.....биз ушул ыр мн чонойдук гоооо....
0
janytalap91
2015-09-02 21:48:19
Ии бали
0
uli95
2015-09-03 14:09:04
Эски ырлар кайра жандана баштады
0
nur92sultan
2015-11-04 11:56:25
Ушул ырдын минусовкасын кайдан тапса болот?
0
Тургуналы Нурматов "Кыргызымдын жигиттери"
Сөзү : К.Урманбетовдуку
Обону : Т.Нурматовдуку
Ала качып, ала качып, ала качып,
Аргымактар арыш керет.
Азынатып, азынатып, азынатып,
Азаматтар намыска бек.
Шамдай жанып алышып,
Шамал менен жарышып,
Жүзүн сүртүп булутка,
Жүрөгү - от, каны ысык.
Ала-Тоону бел кылып,
Ата Журтту дем кылып.
Абалтадан шок болот,
Алоолонгон от болот.
А болбосо жок болот,
Кыргызымдын жигиттери!

Дүңгүрөтүп, дүңгүрөтүп, дүңгүрөтүп,
Жердин бетин тулпар келет.
Дүркүрөтүп, дүркүрөтүп, дүркүрөтүп,
Дүйнө жүзүн шумкар келет.
Кубанышат кыргыздар,
Кучак жайып жылдыздар.
Ал анткени алардын,
Арасында Чыңгыз бар.
Аалам кезет жомоктой,
Ак калпагын жоготпой.
Акыл-эсин камчылап,
Аккуладай алкынат.
Ай-жылдызга талпынат,
Кыргызымдын жигиттери!

Учту мына, учту мына, учту мына,
Айчүрөкпү же ак куубу?
Шукшурула, шукшурула, шукшурула,
Жигит шумкар сыяктуубу?
Закымдады кыз улам,
Жакындады боз улан.
Ана жетти, жетти, жетти,
Бек кучактап кетти, кетти, кетти.
Ак сүйүүгө бек болот,
Ак достукка чеп болот.
Кызыл гүлүң соолбосун,
Кыдыр болуп жолдошуң,
Кыраан Манас колдосун,
Кыргызымдын жигиттери!
Кызыл гүлүң соолбосун,
Кыдыр болуп жолдошуң,
Бабам Манас колдосун,
Кыргызымдын жигиттери!
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан