Мирбек Атабеков Мөлмөлүм
00:03:07
Жүктөлгөн: 07-09-2015
03:07
2.86 Мб
Жанр: Поп
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (26)
manas_skf
2015-09-10 17:20:26
Жаны Club стилде чыкканго.Минусовкасын жуктоп коюнуздарды суранабыз!
0
AyPeKa
2015-09-13 23:04:18
Адаттагы эле Эрчиме башталганго. Бироо жакшы десе баары жакты дейт.
Мага анча жаккан жок. Менин жеке оюм автордун ыраазылыгы жок текстти озгортууго болбойт, тем более бул ыр эски элдик классикадан. Кароче бузуптур.
+1
amanatym
2015-09-15 11:05:42
Ырды эмне мынчы бузуп салган, башка ырды ырдаса жакшы болмок уну жете турган ырдайт десе ырдай бербей
0
Adi-95_95_95
2015-09-17 12:29:25
сонун
0
Nur9397
2015-09-22 23:35:53
жакшы болбоптур
+3
ROZA-87
2015-10-04 14:11:10
Мага жакты супер
0
Nur0701
2015-10-05 09:19:18
Азаматсыз Мирбек! Мега звезда
0
Adylbekov
2015-10-23 22:08:57
админ Мирбектин Ал деген ырын жуктоп коёсунарбы
0
Bermet_Kasymova
2015-11-10 23:12:48
Баракелде!!!
0
dastan_nookat
2015-11-17 15:31:16
Хит!!
0
MegamozG_91
2015-11-28 01:52:32
Ээ баракелде Мирбек,накиа тойлордо ала турган ыр болуптур го
0
oscar
2016-01-04 19:57:22
клип андан жакшы болуптур
0
Benos
2016-02-10 21:19:00
Мирбек менен Абидин Темировдун ырын киргизип койгулачы сураныч
0
admin_media
2016-02-12 21:49:26
Benos,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
0
Bekbosun7373
2016-10-05 21:29:31
Минусун жуктоп койгулаачы сураныч
0
kilim
2016-11-25 08:09:46
Ушул ырдын минусун жуктоп койгулачы
0
Мирбек Атабеков "Мөлмөлүм"
Сөзү : Барпы Алыкуловдуку
Обону : Барпы Алыкуловдуку
Беттин көркү нур менен,
Белдин көркү кур менен.
Биз сүйгөн сулуу Мөлмөлүм,
Белгилүү болсун ыр менен.
Эки илебиң кызыл гүл ачылгандай, Мөлмөлүм.
Бир карасаң жүрөккө от
чачылгандай, Мөлмөлүм.
Маңдай чачың Маргалаң
жибегиндей, Мөлмөлүм.
Сенин ышкың баланын
тилегиндей, Мөлмөлүм.

Өтүмдүүсүң Өзгөндүн
күрүчүндөй, Мөлмөлүм.
Созулганың зергердин
күмүшүндөй, Мөлмөлүм.
Майиндигиң жоргонун
жүрүшүндөй, Мөлмөлүм.
Гүлзар кылчы жүрөктүн
какшып жаткан чөлдөрүн.

Күйдүм, Мөлмөл, аппагым,
Ааламдан сендей таппадым.
Издеп-издеп күн-түнү
"Мөлмөлүм!" деп какшадым.
Секин баскан бутуңдан,
Сейдана мончок жытыңдан.
Кадам койгон бутуңдан,
Калемпир мончок жытыңдан.
Чыныга куйган бал болсоң,
Чымындай ага малынсам.
Чыга албай жатып ошондо,
Чын өзүңө багынсам.
Чыгарып койсоң боор ооруп,
Чырагың болуп жагылсам.
Алты оролуп мойнуңа мен,
Ак маржан болуп тагылсам.

Берейин десем малым жок,
Мал табууга алым жок.
Кедейликтин дартынан,
Тышым жалын, ичим чок.
Бирок да мунун баарына
Карабайт экен көңүл шок.
Көрүнүп койсоң бир жолу,
Булуттан чыккан айга окшоп.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан