Самара Каримова Кыз узатуу
00:03:52
Жүктөлгөн: 08-09-2015
03:52
4.42 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (33)
Саби
2015-09-20 14:42:34
Создору маанилуу, жакшы ыр болуптур.Ушундай жакшы жазган акындар менен иштешсен,диалект жок созуно обону жарашкан жакшы уккулуктуу ыр болуптур.Суперчилер ырдын текстин жаза кетесинерби?
0
deva
2015-09-22 16:55:15
Назми да ушул сыяктуу ыр ырдаптыр ага жарашпай калыптыр
0
Galia1990
2015-10-09 22:05:33
Алга Самара соонун ыр экен
0
Zari2013
2015-10-09 23:50:46
Аябай сонун ыр, создору маанилуу. Азамат Самара, ылайым кудайым баарыбызга ушул кунду насип этсин!
0
Sunrice
2015-10-24 21:46:21
Сонун ыр
0
DilaraHamza
2015-11-26 16:11:56
Сонун ыр!Самара унунузго баракелде!
0
ibro
2015-11-27 19:43:21
Кандай кылбасын талантына рахмат, мен Самарага ийгилик каалайм, сонун ырларын, ылайым ырчылардын алды болгун...
0
amanatym
2015-12-25 11:45:52
ушул ырды Гулзат Байзакованын аткаруусунда уксанар ссонун да, а самаранын уну жетпейт ырды жеткидей ырдай алган эмес!
0
MEDEROLLA
2016-07-07 03:57:13
Колунан эч нерсе келбеген инсан,
сындаганды жакшы билет
0
akush97
2017-01-17 20:31:38
Самара Каримованы сыйлайм.уну сонун,жакшы ырдайт.
0
ferrara2014
2017-02-03 15:09:02
Samara ozynyn ukkuluktyy yny bar abdan talantty yr4y, atkaruu4u. Al emi obon jaratsa obon4y bolmok.Owonduktan "atkaryy4y" jana "abon4yny" degen kim ekenin auirmalap anan comment jazsak.
0
Batma.Sh
2017-03-23 17:30:12
Сонун болуптур!Азамат!
0
byityska
2017-07-30 23:12:28
сонун ыр экен
0
Bilal2014
2018-01-21 11:49:59
Творческих успехов.
0
Miumiu22
2018-04-11 15:19:22
Сонун ыр болуптур,мазмуунду.Биз да буйруса кыз узатып,уул уйлойлу.
0
Самара Каримова "Кыз узатуу"
Сөзү : Сайра Батыркулованыкы
Обону : Казак элиники
Эселегим элиңде,
Эркеледиң өмүргө.
Кадам таштап барасың,
Балалыктан келинге.
Кызым, кызым канатым,
Учук улаар санатым,
Бата тилеп узаттым,
Бактың менен жанашкын.

Аруу, асыл таң элең,
Алдейлеген көлөкөм.
Ата-энеңдин тилеги,
Бактылуу бол берекем.

Кызгалдактай жан элең,
Кыйбай калды апакең.
Кылым баскан нарк менен,
Кыз узатуу салт экен.
Кызым, кызым чырагым,
Бой тиреген чынарым.
Айылыңдан аттанып,
Кайын журтка узадың.

Асыл ойдун эми бол,
Акыл ойдун кени бол.
Ак жоолугуң булгабай,
Алганыңдын теңи бол.

Тууруңдан учуп, түндүгүн бизден бөлүнүп,
Барасың эми, кайын журт күткөн куттуу үйгө.
Жүрөгүң менен жакшылык тилеп кабыл ал,
Өз үйүң ал да, өз үйүң ал садага...

Барган жерден так тапкан,
Бала таап, бак тапкан.
Келин болгун ыймандуу,
Айылыңа бүт жаккан.
Кайрылыштан суу алгын,
Кайненеңден дуба алгын.
Кабагыңды бүркөбө,
Кайын журттуң кубансын.

Барган үйгө кут болгун.
Босогоңдо бут болсун.
Көшөгөңдү көгөртүп,
Алган жарга жуп болгун.

Ар тилектин эми бол,
Акыл-ойдун кени бол.
Ак жоолугуң булгабай,
Алганыңдын теңи бол.

Кызым, кызым чырагым,
Бой тиреген чынарым.
Айылыңдан аттанып,
Кайын журтка узадың.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан