Роза Шакирова Кыз узатуу
00:03:14
Жүктөлгөн: 23-10-2015
03:14
5.92 Мб
Жанр: Поп
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (13)
Love1234
2015-10-23 10:00:09
жакшы ыр экен унуз соонунда кайра кайра уккандан чарчабайсын
+1
Janybek.
2015-10-23 10:41:17
Сөз жок мага керектүү ыр экен видео монтажка кошотурган
+1
Kgstar96
2015-10-23 18:02:21
Суппер ыр болуптур
+1
aika_sv
2015-10-24 11:50:34
Jakshy,toigo ylaiyktuu yr eken
0
elizaerlan
2015-10-24 15:38:36
Сооонун
+1
saparali96
2015-10-25 00:04:00
Мастер класс
+1
Siuz
2015-10-25 01:24:25
М.Баековдун кыз узатуу же болбосо " Ата тилеги" деген ырынан кийин эле ушундай кыз узатуу ырлары коп жазыла баштады. Жакшы ырдаптыр азаматсыз!
+1
nazi8889
2015-10-26 08:01:20
жакшы ыр менин тайенем ушуга окшогон ырларды ырдайтко небере чеберелеринин тойунда
+1
Aiida25
2015-10-26 09:48:16
Эн жакшы 5
+1
dastan_nookat
2015-11-02 17:40:07
Жакшы
0
Zooro1977
2015-11-03 01:54:49
Баракелде эн сонун ырдаптырсыз.
0
Suimonkul_312
2015-11-08 00:34:19
роза гүлүм алгачкы сүйүүм жүрөктөн чыккан ушул ырды ким ырдайт достор силерде болсо жүктөп койгулачы админ.издеп таппай жатам.кыргызстан обондорунда уккан элем
0
mimika
2017-10-26 00:36:32
текст жазгылачы сураныч
0
Роза Шакирова "Кыз узатуу"
Сөзү : Бактыгүл Чотурованыкы
Обону : Доктурбай Урманбетовдуку
Кызы бардын назы бар, изи болот турбайбы,
Кыз бергенде кудагый сөзү болот турбайбы.
Өйдөлөтүп көтөрүп өз кызыңдай багып ал,
Ак жүзүнө жарашкан алтын сырга тагып ал.

Периштедей кызымды тилеп жүрүп тапканбыз,
Күлүп жүрүп өтсүн деп күн тийгизбей бакканбыз.
Өйдөлөтүп көтөрүп өз кызыңдай багып ал,
Ак жүзүнө жарашкан алтын сырга тагып ал.

Ак көйнөгү не деген,
Күттүм апа, жар-жар
Ак сүтүңө ыраазы бол,
Кеттим апа, жар-жар
Чапаныңдын этегин
Бүктүм ата, жар-жар,
Бакканыңа ыраазы бол,
Кеттим ата, жар-жар.

Төбөсүндө төрт чачы төрт жылкынын баасы эле,
Саамайында көкүлү сан жылкынын баасы эле.
Өйдөлөтүп көтөрүп өз кызыңдай багып ал,
Ак жүзүнө жарашкан алтын сырга тагып ал.

Беш көкүлүн атырлап бермет, мончок такканбыз,
Элге чыксын аты деп эркелетип бакканбыз.
Өйдөлөтүп көтөрүп өз кызыңдай багып ал,
Ак жүзүнө жарашкан алтын сырга тагып ал.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан