Роза Шакирова Кызганыч
00:03:26
Жүктөлгөн: 07-12-2015
03:26
6.27 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (37)
BRILIANTTKA
2015-12-09 18:53:56
Соонун ыр экен,муюююп алып уктум го...
+1
Мэри
2015-12-10 15:03:22
Аа, тексти Тууганбай Абдиевдики турбайбы, ошо дейм да...
0
gulia.87
2015-12-14 00:13:34
Урматтуу Админ Бек Борбиевдин мен сени суйом жана мен сени сагынган бойдон журом деген ырларын жуктоп коюнуздарчы суранам. Алдын ала ыраазычылык билдирем.
0
admin_media
2015-12-14 11:16:40
gulia.87,
Саламатсызбы! Аткаруучу өз суранычы менен порталдан ырларын алдырган, ошол себептен жүктөй албайбыз.
0
karlik
2015-12-24 00:09:15
Ушул ырды Сыймык Бейшекеевдин аткаруусундагы вариантын кайдан тапсак болот? Админ жуктоп кое аласыздарбы ?
0
Samat.A.A
2015-12-31 00:25:04
Унунузду суйом суйом)))
0
Shurab
2016-01-15 03:48:58
Соонун ыр экен. Роза эже ийгилик сизге.
0
Ankel
2016-01-17 17:04:04
Керемет!!!
0
nurii
2016-03-18 18:34:18
Роза эже сиз менин идеалымсыз. Ар дайым сизге чыгармачылык эргуу каалайм. Эл аман,эл ичинеде уй булоонуз менен сиз аман болунуз.Жалабатка качан концерт койосуз?
0
kuba_1977
2016-05-04 13:45:05
Кыргызымдын чыгаан кызы Роза онорун оркундоп кыргызымдын жылдызы болуп журобер.
0
buduz-80
2016-06-01 09:01:28
Эн сонун аткарыптыр,созу обону не деген керемет
0
asko55
2016-06-03 12:09:30
Укмуш ыр деп ушуну айтса болот!
0
tynar92kg
2016-06-17 01:52:43
Эн сонун ыр болуптур! Суйуунун кереметин даназалаган .... Коломун болсо кичи, Козумдун батсан ичине...... Деген саптары жакты?
0
buduz-80
2016-10-21 10:28:37
Керемет ээй укмуш,не деген керемет саптар, Бали !!!!
0
Arlenchik
2016-12-21 11:35:06
Азаматсыз эже сонун ырдаптырсыз,унунузго береке.
+1
Nurzhigit97
2017-01-11 06:03:48
Абдан сонун ээх
0
Роза Шакирова "Кызганыч"
Сөзү : Тууганбай Абдиевдики
Обону : Сыймык Бейшекеевдики
Көлөмүң болуп кичине,
Көзүмдүн батсаң ичине.
Көргөзбөй алып жүрмөкмүн,
Көңүлү бузук кишиге.
Карааның болуп кичине,
Каректин батсаң ичине,
Каратпайт элем өзүңдү,
Карашы бузук кишиге.

Карасаң башка кишиге,
Кан толо түшөт ичиме.
Эриксе жүрөк булкунуп,
Ээ боло албайм күчүмө.
Жанаша калсаң кичине,
Жалдырап карайм жүзүңө,
Балакет кылбасаң экен,
Башканын кирип түшүнө.

Бийлетип ой-санаамды,
Биликтей күйүп-жанамбы?
Элестеп жүрүп өзүңдү,
Эс жинди болуп каламбы?
Кыйсыпыр кылдың санаамды,
Кыргыздан сендей табамбы?
Сыртыңдан жүрүп кызганып,
Сыркоолуу болуп каламбы?

Көлөмүң болуп кичине,
Көзүмдүн батсаң ичине.
Көргөзбөй алып жүрмөкмүн.
Көңүлү бузук кишиге.
Айтканга күйүп айла жок,
Ашыктык оту кайда жок.
Мени сүй, эгер ишенсең,
Мен сүйгөн менен пайда жок.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан