Биз социалдык тармакта
Кайрат Примбердиев Туулган жерди сагынуу
00:04:32
Жүктөлгөн: 19-10-2017
04:32
7.24 Мб
Жанр: Поп
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (10)
Stal.muradilov
2017-10-19 16:44:30
Абдан сонун ыр,Кайрат брат да соонун ырлаптыр молодец...бирок созулчу жерлери бир аз башкача го...
Сары-Ой менен Көк-Ой тооооосунан деген жерин тосунаааааан деп койупсуз...бирок жакшы ийгилик....
+1
Asan_Nookatk.kg
2017-10-19 22:40:29
Сонун болуптур сөз жок ийгилик
+2
Rasul94
2017-10-20 10:48:40
оо менин ырым го.мен кайраттан жакшы ырдайм
-1
Aisuluu160790
2017-10-20 18:09:36
Мага жакты аябай сонун Азаматсын Кайрат байке.
+1
Ali-han
2017-10-21 03:08:59
Ушул ырды Кайрат ырдаганын таппай сайттарды тытып чыктым го чиркин
+1
FCB-MSN
2017-10-21 16:33:59
Орусиядагы конкурстан кийин бир кыйла тепкичке которулдун иним. Ырдаганды да мыкты оздоштурдун. Дагы чон бийиктиктерди багындыргын. Алга.
-1
jnurlan
2017-10-23 15:42:31
Бали Кайрат!
Керим Тураповдой ырдаш баарибир кыйын го!
0
Kossi
2017-10-25 10:08:03
Азаматсын кайрат ийгилик сага ырды мыкты аткаргансын соз жок эски ырларга жан беребер адашпайсын анткени эски ырлардын мааниси бар азыркы ырлардан артыкчылыгы коп алга
0
nuti97
2017-11-25 12:02:54
Жыртып алыпсыз брат ырдагагды
0
Aisuluu160790
2018-03-05 12:55:24
Ноокенимди сагынам
0
Кайрат Примбердиев "Туулган жерди сагынуу"
Сөзү : К. Тураповдуку
Обону : К. Тураповдуку
Кылымдардан кылым карытып,
Кызыл-Суунун суусу агылып.
Бал жыттанган таттуу кымыздай,
Туулган жердин суусун сагындым.
Жүрсөм дагы алыс араңдан,
Ата Журтум кетпей санаамдан.
Акыл айтып, асыл кеп айткан,
Аталардын кебин сагынам.

Сары-Ой менен Көк-Ой тоосунан,
Бүркүт шаңшып, күкүк сайраган.
Ышкын терип аска-зоосунан,
Жүргөн күнүм эстеп сагынам.
Жылаңайлак, чырпык ат минип,
Жылгалардан тунук суу кечип.
Балтырымды тилип караган,
Балалыгым эстеп сагынам.

Коңур-Дөбө - жайлоо, жашыл төр,
Коңур желдүү, салкын, асыл жер.
Кокту, белес, күнгөй-тескейден,
Кой кайтарган күнүм сагынам.
Түндүгүнөн түтүн булатып,
Апам жапкан нанды сагынам.
Үйүр-үйүр жылкы айдаган,
Атам жүргөн жерди сагынам.
Үйүр-үйүр жылкы айдаган,
Атам жүргөн жерди сагынам,
Апам жапкан нанды сагынам,
Балалыгым эстеп сагынам.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан