Биз социалдык тармакта
Аяна Касымова Сүйүү менен
00:03:25
Жүктөлгөн: 22-07-2020
03:25
- Мб
Жанр: Поп
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (1)
Melis2014
2020-07-23 03:16:07
Жан дуйном бир озунсуз ооруп калды
Бар экен жакшынакай келинчегиз деген ыр сатаны бар эле ким ырдайт
0
Аяна Касымова "Сүйүү менен"
Сөзү : Уланбек Абдрахмановдуку
Обону : Раллияныкы
Анда жазган ырлар кайра жаңырбай,
Сен алыстап кеттиңби келбей мага.
Кайра кайра ырда мага тарынбай,
Гүлдөр бийлеп нур чачкан ошол жазда.
Сен мага
Махабаттын аргымагын минип кел,
Сезимдин арасынан аралап жазда.
Сен мага
Махабаттын жалын атын чабып кел,
Сүйүүнүн калаасынан.

Сага, мага келген,
Ал сезимдер терең.
Кайра,кайра келбей сүйүү,
Сүйүү деген.
Мага, сага келген,
Ал сезимдер терең.
Кел басалы дагы,дагы чогу
Сүйүү менен,
Сүйүү менен.

Сени, мени ала качкан бактым ай,
Жан дүйнөмдү ачкан, сезим сырлар.
Сени менен аткан, аткан таңым ай
Кайра кайра ырдалган сүйүү ырлар.
Сен мага
Махабаттын аргымагын минип кел,
Сезимдин арасынан аралап жазда.
Сен мага
Махабаттын жалын атын чабып кел,
Сүйүүнүн калаасынан.


Сага, мага келген,
Ал сезимдер терең.
Кайра, кайра келбей сүйүү,
Сүйүү деген.
Мага, сага келген,
Ал сезимдер терең.
Кел басалы дагы,дагы чогу
Сүйүү менен,
Сүйүү деген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан