Эрлан Андашев Жалгыздыктан тажап бүттүм
00:04:47
Жүктөлгөн: 13-11-2020
04:47
4.39 Мб
Жанр: Поп
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (4)
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-11-15 13:39:59
Супер
0
Baska10
2020-11-16 01:16:21
керемет!
0
Neiro
2021-01-11 14:08:35
Сонун
0
samagankyzy
2021-03-08 12:33:59
Жеткизе ырдапсыз !!!
0
Эрлан Андашев "Жалгыздыктан тажап бүттүм"
Сөзү : Шайлообек Дүйшеевдики
Обону : Элмирбек Иманалиевдики
Жамалы белең берметтин,
Жабыркап жүрөк дегдеттиң.
Кароосуз калган кайыктай,
Кайыр кош, жаным, сен кеттиң.

Кайырма:
Карап, карап, кайрадан сени самап,
Күттүм, күттүм, күттүм,
Жалжалым, жалгыздыктан тажап бүттүм.

Көпөлөк гүлгө коно албай,
Көңүлүм сыздап, толо албай.
Серпилип жүрөк кыйналды,
Сендейлер сендей боло албай.

Кайырма:

Кош дегим келбейт, кош дегим,
Козгобо, бөлөк жок кебим.
Кайгырсам, жалгыз, аргам жок,
Кош дешер жарым жок менин.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан