Башкага ыраа көрбөймун мендеги жазык,
Бактылуу кылгым келет сени таарынчың жазып.
Ар дайым кубат берип жанымда жүрсөң,
Арнайын аппак , таза ,мен сүйүүмдү назик.
Кайрыма:
Таарынчагым , таарынбачы,
Таарынганда айтчы не табасың.
Экөөбүздү табыштырган,
Тагдырыма боломун мен ыраазы.
Ээрчишип эгиз жандай бирге бололу,
Экөөбүз үчүн улансын сүйүү жомогу.
Жаркырап мээрим төгүп жанымда болчу,
Жетебиз максаттарга биз жеңилбей чогуу.