Алмаз Шаадаев "Арзуу"
00:03:52
Жүктөлгөн: 28-03-2025
03:52
3.55 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (0)
Алмаз Шаадаев ""Арзуу""
Сөзү : Ж. Исабаева
Обону : Б. Мамаев.
Көңүлгө да көңүл тушалып,
Көрүшпөс болуп узадык.
Коодондо калды, а бирок ай,
Көксөткөн санаа, кусалык.

Байыр алып, жашап башкага ,
Баш ийип басып наздана .
Бактылуу кылып башканы сен,
Бактылуу болдуң аз гана.

Сагынчым , кантип сезбейсиң,
Сезесиң, сен да эстейсиң.
Томогоңду үзүп бир ирет,
Анда неге келип кетпейсиң?

Агарып таңдын атканы,
Кызарып күндүн батканы.
Кызыксыз мага өмүрдүн,
Өзүңсүз өтүп жатканы.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан