Жалгызмын неге деп
Кереги жок убайымдап
Тагдырдын койгону бар
Атайын сага дайындап
Жети өлчөп бир кес
Түбөлүк бактыңды
Сезимиң жок болсо
Кетирбе баркыңды
Сүйлөшөт ал чындык
Жакын алба сынды
Күт келер бактыңды
Кайырма
Сүйбөй туруп, сүйүктүүсү болгончо
Көңүлүң жок,бирок чыдап койгончо
Жалгыздык сезилет жакшыдай
Теренирээк терең ойлонсоң
Нур чачып күндөрүн
Өзүңдү сүй,гүлдөгүң
Ушул деп,белги берет
Сүйгөнүн тапса жүрөгүң
Жеткенинде балакатка
Ээрчип баштайт,сөздөр арттан :
«Тениңди тап эртелетип»,
«Неге сага эч ким жакпайт?»
Деген сөздү уга берип
Балким бирөө өзүн таштайт
Тааныбаган,жактырбаган
Адам менен жашоо баштайт
Андайдын эмне кереги?
Сүйүү бар бийик себеби!
Ишенген адамың менен
Өмүрдү сүргүң келеби?
Намысыңды бийик сактап
Жакыныңды жер каратпай
Өз жашооңду өзүң боёп
Дүйнө кезип, саякатта!
Кайырма
Сүйбөй туруп, сүйүктүүсү болгончо
Көңүлүң жок,бирок чыдап койгончо
Жалгыздык сезилет жакшыдай
Теренирээк терең ойлонсоң